Түшүмдүүлүктү арттыруу: Кыргызстан "Топурак доктору" программасына кошулду

Коом 27 Март 2026 12:12
658415049_122207515742341273_3089937268478408705_n.jpg
658837853_122207516624341273_8008812905091364816_n.jpg
658966693_122207516786341273_3548107944738686289_n.jpg
656421100_122207516294341273_5592655032136146715_n.jpg
657293117_122207516372341273_863257449914484977_n.jpg
657422244_122207516858341273_7030149466707838561_n.jpg
657503194_122207516738341273_802869802040639142_n.jpg
657844375_122207515838341273_7256651583635743225_n.jpg
658126385_122207515802341273_5600209710198065501_n.jpg
658340557_122207516564341273_9091810807613855021_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Топурак доктору" аттуу глобалдык программасына расмий түрдө кошулду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, программа топурак ресурстарын туруктуу башкарууга жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Учурда Кыргызстандын тоолуу шартында жерлердин эрозиясы, деградациясы жана туздануусу курч маселе бойдон калууда. Программа бул терс көрүнүштөрдү алдын алууга көмөктөшөт.

Ошондой эле программанын алкагында 23-27-мартта Бишкекте биринчи окутуу тренинги өтүүдө. Ага Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун адистери, агрономдор жана фермерлер катышууда. Катышуучулар топурактын түзүмүн баалоо, кычкылдуулук деңгээлин жана органикалык заттардын көлөмүн аныктоо ыкмаларын үйрөнүшүүдө.

Программа тажрыйбалуу адистердин алган билимдерин башка фермерлерге жайылтуу ыкмасына негизделген.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, бул демилге айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн агрардык секторунун узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылууга шарт түзөт.