Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республиканын айыл чарбасына, экономикасына жана калктын социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч жаратып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 29-июнга карата республика боюнча зыяндуу чегирткелерди аныктоо максатында 87 миң 832 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусунда – 41 миң 287 гектар;
- Ош облусунда – 14 миң 750 гектар;
- Баткен облусунда – 15 миң 500 гектар;
- Чүй облусунда – 10 миң 695 гектар;
- Талас облусунда – 3 миң 530 гектар;
- Нарын облусунда – 2 миң 70 гектар.
Зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык иштетүү иштери республика боюнча жалпы 55 миң 950 гектар аянтта жүргүзүлдү. Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусунда – 27 миң 730 гектар;
- Баткен облусунда – 12 миң 540 гектар;
- Ош облусунда – 9 миң 260 гектар;
- Чүй облусунда – 3 миң 500 гектар;
- Нарын облусунда – 1 миң 580 гектар;
- Талас облусунда – 1 миң 340 гектар.