Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагалары менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, алгачкы жолу уюштурулган бул бейформал жолугушуу боордош элдердин кызматташтыгын чыңдоого чоң түрткү берерин белгилеген төрага, кесиптештери менен алакаларды арттыруу багытындагы ойлорун бөлүштү.
"Биз бул жерде түрк дүйнөсүнүн орчундуу маселелерин кеңири талкуулап, келечекке багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуудабыз. Азыркы тапта дүйнө жүзү олуттуу глобалдык коркунучтарга туш болуп, геосаясий туруксуздук жана экономикалык каатчылыктар жаңы милдеттерди коюуда. Мындай шартта бир да мамлекет көйгөйлөрүн жалгыз чече албайт. Андыктан, кызматташууну чыңдоого жана биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө басым жасашыбыз керек", – деди ал.
Эскерте кетсек, жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Венгрия, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламент жетекчилери катышты.