ТүркПАнын Аял парламентарийлер тобунун V жыйыны өттү

Коом
image11.jpg
image4.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
Алдыга
Артка
image11.jpg
image4.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова Бишкек шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Аял парламентарийлер тобунун V жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш билдирет.

"Аялдар жана маданий дипломатия: тил жана орток салттар аркылуу биримдикти бекемдөө" темасына арналган иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова сөз сүйлөдү.

"Кылымдар бою айымдар эне тилин, улуттук маданиятты, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана салттарды сактоодо маанилүү роль ойноп келишкен. Бүгүнкү күндө да айымдар маданий диалогду демилгелеп, эл аралык байланыштарды чыңдоо менен мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуу аркылуу бул миссияны улантууда", – деди депутат.

Жыйынга Казакстан, Азербайжан жана Түркиядан келген депутаттар катышты. Алсак, Түркиянын депутаты Зейнеп Йылдыз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан мисал келтирип, түрк дүйнөсүндө аялдардын ээлеген ордун белгиледи.

Жыйындын соңунда күн тартибине киргизилген маселелер каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды.