Түркияда кыргыз жоокерлеринин элесине арналган эскерүү иш-чарасы өтөт

Коом Загрузка... 12 Май 2026 09:15

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. 17-майда Түркиянын Изник шаарында кыргыз жоокерлеринин элесине арналган “Кыргыздар күмбөзү” мемориалында эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 11:00дө башталат.

Башкы консулдук Түркиядагы бардык мекендештерди жана жарандарды аталган иш-чарага катышууга чакырат.

Иш-чарага катышууну каалагандар алдын ала тастыктап, консулдук аймактар боюнча төмөндө көрсөтүлгөн байланыш номерлерине кайрылып каттоодон өтүшү зарыл. Атайын транспорт каралган.

Стамбул шаарындагы Башкы консулдук аймак боюнча W/a +90 536 882 78 14.

17-май саат 08:00, Таксим аянты.

Анталия шаарындагы Башкы консулдук аймак боюнча W/a +90 555 496 21 22.