Түркияда Чыңгыз Айтматов эскерилди

Коом 15 декабрь 2025 16:55
44ee4ad4-af81-3c0f-863c-1af15763184a.jpeg
b59f75a1-7b09-3b0b-9200-264368ae4754.jpeg
7c1c1092-7e02-3195-86f8-75d049c5bfb3.jpeg
5cb8faab-4035-330c-bdbb-bb643251d3b4.jpeg
62fc41c0-04ed-3989-af06-d600cd7dba6e.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун эстеликтеринин алдында эскерүү иш-чараларын өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чаралар дүйнөлүк адабиятка чоң таасир эткен жана бүткүл Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган улуу кыргыз жазуучусунун туулган күнүнүн 97 жылдыгына арналды.

Эскерүү иш-чаралары бир мүнөт унчукпай туруу жана жазуучунун эстеликтерине гүлчамбар коюу менен Анкара шаарынын Кечиөрен жана Чанкая муниципалитеттериндеги Ч.Айтматов атындагы парктарда өттү.

Иш-чарага Кечиорен муниципалитетинин башчысынын орун басары Атила Зорлу, ошондой эле Түркиянын Улутчул кыймыл партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү, Чыңгыз Айтматов институтунун башкармалыгынын мүчөсү, доцент доктор Алп Йылдыз катышты.