Түркия Кыргызстандын электрондук санариптик кол тамгасын тааныйт

Коом 668 03 Декабрь 2025 15:35
594041173_1305417461630750_5588467067701525943_n.jpg
591737913_1305417568297406_4214438655110149195_n.jpg
591741216_1305417554964074_1229300144532568983_n.jpg
593583683_1305417468297416_4333871162865449457_n.jpg
593692967_1305417458297417_5386301262546434613_n.jpg
593884205_1305417464964083_5765715042669479078_n.jpg
593941598_1305417454964084_1777882317964440214_n.jpg
594029019_1305417471630749_1130834561717481110_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Күн мурун Анкарада Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркиянын Соода министрлигинин биргелешкен бажы кеңешинин үчүнчү отуруму өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, делегацияларды кыргыз тараптан Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Түркия тараптан Соода министринин орун басары Сезай Учармак жетектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык протоколго - товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу жана жөнөкөйлөтүлгөн бажы контролу боюнча техникалык шарттарга кол коюшту. Бул документтер бажы жол-жоболорунун ачыктыгын тездетүүгө жана жогорулатууга багытталган санариптик механизмдерди практикалык ишке киргизүү үчүн негиз түзөт.

Ошондой эле тараптар өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында электр-санариптик кол коюлган документтерди кабыл алууга даярдыгын тастыкташты.

Кыргыз тарап документтерди күбөлөндүрүү үчүн Бажы кызматы тарабынан иштелип чыккан электрондук санариптик кол тамганы колдонууну сунуштады. Түрк тарап бул сунушту колдоп, мындай документтерди верификацияланган катары кабыл алууга макул болду. Техникалык параметрлерди тактоо үчүн 2025-жылдын декабрында эксперттердин өзүнчө жолугушуусу өтөт.

Делегация башчылары өз ара соода статистикасын жылына эки жолу — 15-январга чейин жана 15-июлга чейин алмашууну макулдашты. Бул товар жүгүртүүнүн динамикасын ыкчам көзөмөлдөөгө жана аны көбөйтүү үчүн өз убагында чараларды көрүүгө жардам берет.