Түркия 6 айда Кыргызстанга 100 млн доллар инвестиция салды

Экономика Загрузка... 12 Декабрь 2025 16:05
506086576_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Түркия 2025-жылдын 6 айында Кыргызстанга 100 млн доллар инвестиция салды. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кеңейтилген жолугушуу EkoAvrasya фондунун колдоосу менен уюштурулуп, фонддун төрагасы Хикмет Эрен баштаган 40ка жакын ишкер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Кыргызстандагы инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырып, либералдуу салыктык режим, кеңири инвестициялык преференциялар, ишкердик үчүн ачык шарттар жана ЕАЭБ рыногуна кирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал 2025-жылдын алты айында Түркиядан келген түз инвестициянын көлөмү 100 млн долларга жакындаганын, бул түрк бизнесинин Кыргызстанга болгон ишениминин жогору экенин көрсөтөрүн белгиледи.