Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча отчёт берди.
Анын маалыматы боюнча, экспорттук багыттарда Кытай менен 15 протоколго кол коюлуп, дагы үч жаңы протокол түзүү пландалууда. Мындан тышкары, продукциянын 17 түрү протоколсуз эле экспорттолууда.
"ЕАЭБ өлкөлөрү менен 462 ишкана иштеп жатат. Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргызстан балды Европа биримдигине экспорттоого уруксат алды. 2025-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459 млрд сомду түздү, бул мурунку мезгилге салыштырмалуу 62,9 млн сомго көп. Кайра иштетүү тармагы 104 млрд сомдук продукция өндүрдү, өсүш 16 млрд сомду түздү", - деди министр.
Төрөбаев белгилегендей, айрым райондордо рекорддук түшүм жыйналган: Жайыл районунда 1 гектардан 120 тонна помидор, Лейлек районунда 113 тонна пияз, Манас районунда 120 тонна калемпир жана Кочкор районунда 30-35 тонна картошка алынган.