Төрөбаев: Төө буурчактын экспортун көбөйтүү үчүн сапатын жакшыртуу зарыл

Экономика Загрузка... 11 Февраль 2026 11:45
WhatsApp Image 2026-02-11 at 11.36.58.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Төө буурчактын экспортун көбөйтүү үчүн сапатын сапатын жакшыртуу зарыл. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Ал белгилегендей, учурда бул өсүмдүктү өстүрүп, экспортко чыгарууда бир катар маселелер бар.

“Баасы 1600 доллардан 630 долларга түшүп кетиптир. Биз жасаган талдоолорго ылайык, аны чаңынан арылтуу, сепарациялоо иштери жүргүзүлбөйт экен. Ошол эле маалда башка мамлекеттер аны фумильгация (зыяндуу заттардан арылтуу) жасап, таңгактап анан сатышат экен. Учурда биз ушул иштерди колго алып жатабыз.
Экинчи маселе - биз аны белок катары аскерге, мектептерге киргизүү планын койдук. Үчүнчүсү – сыртка чыгуучу транспорт чыгымдарын эсептеп, карап чыгуудабыз.
Ошондой эле төө буурчактын каллигровкасы 8-9дан 5-6га түшүп кетиптир. Ошондуктан үрөндү жаңылоо зарыл болуп турат. Андан сырткары, Талас элине башка өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуштап жатабыз.
Андыктан, бул өсүмдүккө байланышкан маселелерди чечүү үчүн – иштетип чыгуу, үрөндү тандоо, таңгактап, көрүнүшүн жакшыртуу, биржага алып чыгуу, дыйкандын чыгымдарын эсептөө иштерин жасашыбыз керек", - деди Төрөбаев.