Төрөбаев дыйкандарды күздүк талаа жумуштарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 14:01
otFgt2gfZA_bos3aYC..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды жана фермерлерди күздүк талаа жумуштарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Министрдин айтымында, өлкөдө 1 млн 250 миң гектар айдоо жер бар, анын 800 миң гектары — сугат, 400 миң гектары — кайракы жерлер. Бирок, учурда күзгө карата жүргүзүлө турган иштер өтө жай жүрүүдө.

Абал кандай?

  • сугат жерлердин ичинен 62,2 миң гектарда гана күздүк айдоо жана себүү иштери аткарылган;
  • ным топтоо — болгону 16 миң гектарда;
  • жалпы 800 миң гектардын 78 миң гектары гана иштелген — 10 пайызга жетпейт;
  • кайракы 400 миң гектардын 75 миң гектарында, же 18 пайызында гана иштер жүргүзүлгөн.

Министр климаттык тобокелдиктер өсүп жаткан шартта бул көрсөткүчтөр өтө төмөн экенин белгиледи.

"Жазында жаан-чачын аз болуп калышы мүмкүн. Кар да аз жаашы ыктымал. Андай болсо суу тартыштыгы күчөйт. Азыр ным топтобосок — түшүм аз болот", - деди ал.

Ал дыйкандарды өзгөчө кайракы жерлерде ным топтоо, тоңдурма айдоо, майда арыктар аркылуу сууну кармоо иштерин тездетүүгө чакырды.

"Урматтуу дыйкандар! Күздүк талаа жумуштарына жакшылап көңүл бургула! Эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Кыштагы ным — жаздагы түшүм, - деген ал климаттын туруксуздугу шартында ным топтоонун мааниси түшүмдүүлүккө түздөн-түз таасир этерин белгиледи.