Төрөбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Коом 244 24 Июнь 2026 12:30
6a3b71464c13f.jpg
6a3b73086063f.jpg
Алдыга
Артка
6a3b71464c13f.jpg
6a3b73086063f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин жолугушуусу өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык абалды, ошондой эле Кыргызстанда 2023–2027-жылдарга туруктуу өнүгүү жаатындагы БУУ тутумунун кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитетинин жыйынтыгын талкуулашты. 

Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары Кыргызстан туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү темпин көрсөтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, өлкө аймактарынын айыл чарба, экология, туризм, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана башка артыкчылыктуу багыттардагы негизги муктаждыктары тууралуу маалымдады. 

Өз кезегинде, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы орто мөөнөттүү кызматташтык жөнүндө жаңы стратегиялык документти даярдоо иштери башталгандыгын билдирди, ошондой эле өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын ырастады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган практикалык кадамдарды ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.