Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. 2026-жылы бюджеттен айыл чарба тармагына 41 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, 41 млрд сомдун басымдуу бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөлөргө жумшалат: 10 млрд сому – ирригацияга, 3 млрд сому – таза суу менен камсыздоого багытталган.
"Айыл банк" жана "Элдик банк" аркылуу ишке ашырылып жаткан алты каржылоо программасына 8,3 млрд сом каралган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 483 ири жана орто кайра иштетүүчү ишкана, 40 логистикалык борбор, 15 миң чакан ишкана, 269 жашылча сактоочу жай жана 119 мал союучу пункт иштеп жатат. 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда, бул кайра иштетүү үлүшүн 7 пайыздан 25 пайызга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ал эми 2026-жылы план боюнча 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилет", - деди министр.