Транспорт министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Коом 2556 12 Апрель 2025 12:23
FB_IMG_1744438892026.jpg
FB_IMG_1744438926307.jpg
FB_IMG_1744438922305.jpg
FB_IMG_1744438919860.jpg
FB_IMG_1744438900704.jpg
FB_IMG_1744438896347.jpg
FB_IMG_1744438894432.jpg
FB_IMG_1744438889953.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1744438892026.jpg
FB_IMG_1744438926307.jpg
FB_IMG_1744438922305.jpg
FB_IMG_1744438919860.jpg
FB_IMG_1744438900704.jpg
FB_IMG_1744438896347.jpg
FB_IMG_1744438894432.jpg
FB_IMG_1744438889953.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 12.04.25. /Кабар/. Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрликтин борбордук аппараты Кара-Балта-Бишкек унаа жолун иретке келтирип, парапеттерди тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Жол чарба департаменти, Жол фонду менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери ишембиликте бөлүнүп берилген аймактарды иретке келтиришти.

Мындан тышкары, ишембиликке министрликтин түзүмдүк бөлүм, мекемелеринин (“Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ, "Кыргыз темир жолу" УК жана "Кыргызавтожол-Түндүк" МИ) кызматкерлери да активдүү катышты.

Белгилей кетсек, ишембилик 15-марттан 17-майга чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.