Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жалпы республикалык ишембиликтин жүрүшүндө аймактарды санитардык жактан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чараларга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин 30 миңден ашуун кызматкери, ошондой эле шаардын тургундары катышты.
Ишембиликтин жыйынтыгында 230 тоннадан ашуун таштанды чогултулуп, чыгарылды. Ошондой эле 26 чакырымга жакын сугат тармактары тазаланды. Шаардын 232 гектарга жакын аймагында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ишембилик президенттин "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.