Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Эртең Бишкектин үч конушунда суу убактылуу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында суу болбойт.
Суу берүү “Ак-Жар” жана “Ак-Бата” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.