Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бишкекте №37 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр Биримдик Кут конушунун тургундарынан түшкөн кайрылууларды эске алуу менен кабыл алынды.
Эми №37 автобус жаңыланган схема боюнча каттап, Биримдик Кут конушун Курманжан датка көчөсү менен байланыштырган транспорттук каттамды камсыздайт.
Бул өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, аталган аймактардын транспорттук байланышын жакшыртууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.