Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы шаар тургундарына жаңыланган даректерин тез жана ыңгайлуу текшерүүгө мүмкүндүк берген атайын функцияны иштеп чыкты.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, эми көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн тиешелүү номерин билүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылуунун же маалыматты өз алдынча издөөнүн зарылдыгы жок.
Даректи кантип текшерсе болот?
https://e-meria.kg/ порталына кириңиз. "Даректи текшерүү" бөлүмүн ачыңыз. Издөө сабына көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин киргизиңиз. Система сизге көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн жаңыланган номерин көрсөтөт.
Эскерте кетсек, борбор калаадагы көчөлөрдүн аталыштары өзгөргөн.