Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аттары өзгөртүлдү

Коом 26 августа 2026 11:10
737370177_3896344270508743_7412603891497925064_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Бишкекте бир катар көчөлөрдүн жана проспекттердин аталыштарын өзгөртүү иштери аяктоо алдында турат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, административдик-аймактык реформанын алкагында кайталанган көчө аталыштары жоюлуп, бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталыштарга бириктирилди:

2d2d2448-4400-4487-a144-ad0c5a9d5f87

Учурда шаардагы даректик номерлерди жаңы аталыштарга ылайык өзгөртүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул этап аяктагандан кийин көчөлөргө жаңы аталыштагы аншлагдар орнотулуп, коомдук транспорт жана коммуналдык кызматтардын маалыматтары жаңыланат.

Мындан тышкары, даректердин реестри мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланып, жаңы даректер тууралуу маалымат "2ГИС" жана "Яндекс карта" сервистерине берилет. Ошондой эле көчөлөрдүн жашоочуларына өзгөрүүлөр тууралуу маалымат жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлөт.