Жогорку Кеңештин төрагасы көчөлөрдүн аталышын туура айтууга чакырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Март 2025 12:20
hd-1742447962703.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу көчөлөрдүн аталышын туура айтуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Тагыраагы, борбор калаабыздагы көчөлөргө белгилүү инсандардын ысымы ыйгарылганын мисал кылган төрага: “Бирок Ахунбаев көчөсүн көпчүлүгүбүз Ахунбаева, Токтогул көчөсүн Токтогула, Абдумомунов көчөсүн Абдумомунова, Токомбаев көчөсүн Токомбаева, Токтоналиев көчөсүн Токтоналиева, Масалиев көчөсүн Масалиева деп атайбыз. Бул туура эмес. Ар бир көчөнүн аталышын мамлекеттик тилде атап, Ахунбаев, Токтогул, Масалиев деп эле айтышыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетине, айрыкча Бишкек шаарынын мэриясына көчөлөрдүн аталышын кыргызча жазуу тапшырмасын берип: “Ахунбаева, Масалиева деп жазганды токтотушубуз зарыл”, – деп кошумчалады.