Бишкек – Ош жолунда сел жүрдү

Аймак 5 октябрь 2026 11:25
833889011_1407446460920430_81234514298313226_n.jpg
833915819_1080227041405789_1210569943229717565_n.jpg
Алдыга
Артка
833889011_1407446460920430_81234514298313226_n.jpg
833915819_1080227041405789_1210569943229717565_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 428-441-чакырымында сел жүрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун бир тарабы ачылып, экинчи тарабын тазалоо иштери уланууда.

Белгиленгендей, аталган тилкеде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган.

Окуя болгон жерге министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери тартылып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

“Учурда жолду тазалоо иштерине тиешелүү техникалар тартылган. Жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер уланууда”, – деп белгиленет билдирүүдө.