Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, алдыда боло турган маанилүү иш-чараларга жана күз-кыш мезгилине даярдыктар талкууланды.
Ведомстводон билдиришкендей, алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына байланыштуу жолдордун абалын, транспорттук каттамдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Ошондой эле өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан жол оңдоо жана асфальт төшөө иштерине да өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде Нарын – Баетов жана “Ала-Тоо Резорт” багытындагы жолдордо, Гүлчө жана Нарын шаарларындагы унаа жолдорунда жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Андан сырткары, жолдорду кыш мезгилинде керектүү туз жана башка тайгакка каршы материалдардын жетиштүү көлөмүн алдын ала камдоо, атайын жол техникаларын техникалык жактан даяр абалга келтирүү күн тартибине коюлду.