Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Улуттук тазалык күнүнө карата өлкө боюнча өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке 168 миңден ашуун адам катышып, 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, ишембиликтин жүрүшүндө жалпысынан 3 миң 600 гектар жер аянты тазаланды. Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, ишкерлер, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, жаштар жана жарандар катышты.
Ал эми Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагын таштандылардан тазалашты.
Улуттук тазалык күнү 2022-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү таза сактоого коомчулуктун көңүлүн бурууга жана экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган.