Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. 19-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу министрлик жарандарды, ишкерлерди, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, коомдук уюмдарды, жаштарды жана бардык кайдыгер эмес жарандарды ишембиликке активдүү катышууга чакырат.
"Ишембиликке катышуу менен ар бирибиз өзүбүз жашаган аймактын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө салым кошуп, жаратылышка аяр мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтө алабыз. Тазалык — бир күндүк иш эмес. Ал күнүмдүк маданият жана жалпы жоопкерчилик", — деп айтылат маалыматта.