Транспорт министрлиги өлкөдө жасалып жаткан жол иштери боюнча маалымат берди

Коом 1583 12 Март 2025 12:22
480278776_955336630108417_6344520170442603179_n.jpg
480194950_955336553441758_4424212952083260165_n.jpg
480247760_955336476775099_9122221372707264293_n.jpg
480261716_955336470108433_2887923857890594970_n.jpg
482243207_955336633441750_3871405064769067588_n.jpg
480254818_955336473441766_8767410353464233193_n.jpg
482031003_955336546775092_8087372982248466626_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Транспорт министрлиги өлкөдө жасалып жаткан жол иштери боюнча маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, жаздын келиши менен аймактарда жолчулар тарабынан лотокторду жана жол четин тазалоо, кырып, тегиздөө, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо, мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу, асфальттоо сыңдуу жол иштери кызуу жүрүп жатат.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 80-83-чакырымдар аралыгы менен Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш жолунда (пропитка ыкмасы менен) аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө. Ал эми Ош-Баткен-Раззаков жана Ош-Кара-Суу-Савай жолунун жээгине кум-шагыл аралашмасы төгүлүп, тегизделди. Кирпичный-Саруу-Жууку жолунда сүрүп, калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Бишкек-Нарын-Торугарт жана Жалал-Абад-Казарман жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилери жаңыланды.

Ошондой эле инерттик материалдарды тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, жол бетине түшкөн таштарды жана таштандыларды тазалоо иштери Ключевка-Май-Бакыян, Ош-Баткен-Раззаков, Дмитриевка-Кара-Алма, Бишкек-Нарын-Торугарт, Суусамыр-Талас-Тараз, Чоң-Арык-Ала-Арча жаратылыш паркы сыңдуу жети дубан жолдорунда жүрүүдө.