Нарында 59 энергетикалык объекти модернизацияланат

Аймак 8 сентябрь 2026 17:35
Нарында 59 энергетикалык объекти модернизацияланат
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Нарын облусунда күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында 59 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, иш планына ылайык, 59 көмөк чордондо капиталдык жана оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Бүгүнкү күндө алардын 42синде оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Мындан тышкары, көмөк чордондордун биринде селден коргоо иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, учурда 110/35/10 кВ чыңалуудагы "Нарын-1" көмөк чордонунда кубаттуулугу 40 МВА болгон Т-1 күч трансформаторунда оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, силикагель алмаштырылып, майдын агып кетишин жоюу боюнча чаралар көрүлдү. Ошондой эле трансформатор тиешелүү сыноолордон өткөрүлүп, андан кийин учурдагы оңдоо иштери аткарылды.