Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев "Кабар" агенттигинин подкастында өзүнүн жеке турмушунан кеп салып, эң аялуу кыялы менен бөлүштү.
Ведомство башчысы өткөн жылы баштан кечирген окуялар анын жашоодогу баалуулуктарын толугу менен кайра карап чыгууга мажбур кылганын мойнуна алды.
"Буга чейин менин бүткүл оюм жана убактым бир гана жумуш болчу... Бирок өткөн жылы болгон окуялардан кийин, мурда такыр ойлонбогон бир ойго келдим. Жараткандан неберелеримдин колунан жетелеп, бейпил сейилдеп жүрө турган күндөргө жеткирүүсүн суранам. Мына ушул менин эң чоң кыялым", - деди министр.