Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аппараттык жыйыны өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда жол курулуш иштеринин жүрүшү каралды.
Айрым аймактарда иштердин кечигип жатканы белгиленип, "Кыргызавтожол-Түндүк", "Кыргызавтожол-Түштүк" ишканаларына жана Жол чарба департаментине заводдордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, битум жеткирүүнү туура пландоо тапшырылды.
Ошондой эле президенттин Ош облусундагы тапшырмаларын жана Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн жол маселелерин ыкчам аткаруу белгиленди.
Өзгөчө көңүл Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу жана Барскоон – Бедел унаа жолу боюнча иштерге бурулуп, курулуштарды тездетүү жана сапатын камсыздоо талап кылынды.
Туннель курууда жергиликтүү адистерди тартуу маселеси да көтөрүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында Кырчын жайлоосуна, Корумду – Балбай баатыр жана айланма жолдордун курулушун эртелетүү зарылдыгы белгиленди.