Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында президенттик шайлоону өткөрүү убактысы жана шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча пикирин билдирди.
Төрага белгилегендей, эгер президент Садыр Жапаров кол койсо, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Маматалиев өлкөдөгү шайлоочулардын активдүүлүгүнө токтолуп, көрсөткүчтөр төмөн бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо катышуу 10-15 пайызды, Жогорку Кеңешке шайлоодо 20-30 пайызды, ал эми президенттик шайлоодо 38 пайыздын тегерегинде активдүүлүк байкалат.
“Шайлоо күнү дем алыш күнгө туш келгенде жарандар эс алууну туура көрүшөт. Биз мыйзам долбоорун иштеп чыгууда добуш бербегендерге айып салуудан же лотерея өткөрүү аркылуу катыштыруудан баш тарттык. Мындан улам шайлоо күнүн жумушчу күнгө – шаршембиге белгилеп жатабыз. Бул күнү шайлоого катышкандардын айлыгы толук сакталат. Ал эми шайлоого барбагандарга бул күн эс алуу күн катары эсептелет. Биздин божомолубуз боюнча, бул чара шайлоочулардын катышуусун 50 пайызга чейин жеткириши мүмкүн”, — деди төрага.