Топоз багуу – климаттын өзгөрүү шартындагы эң келечектүү тармак

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 12:29
WhatsApp_Image_2025_0ljiwAR.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында жалпы 61 650 баш топоз катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Алар негизинен Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарында багылат. Бул аймактардагы бийик тоолуу жайыттар топоз багууга ылайыктуу экологиялык шарттары менен айырмаланат.

Топоздор жыл бою жайытта багылып, аба ырайынын кескин шарттарына, анын ичинде -40°С чейинки суукка чыдамдуу келишет. Алар эт, сүт жана жүн багытында пайдаланылып, бийик тоолуу шартта туруктуу өндүрүм берүүгө жөндөмдүү.

Климаттын өзгөрүшү жана жайыттардын деградациясы күч алган учурда, Айыл чарба министрлиги топоз багууну келечектүү багыт катары карайт. Топоздор кадимки мал чыдабаган экологиялык шарттарда — деңиз деңгээлинен 2000–4500 метр бийиктикте жашап, көбөйүп, өндүрүм бере алат.

Алар суукка, кургакчылыкка жана азыкка жакыр жайыттарга туруктуу болгондуктан, климаттык өзгөрүүлөргө (мезгилдердин жылышы, жаан-чачындын азайышы, кургакчылык) жана жер ресурстарынын деградациясына (эрозия, өсүмдүк катмарынын жоголушу) дуушар болгон аймактар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле топоз багуу алыскы бийик тоолуу жайыттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп, айылга жакын жайыттарга түшкөн жүктү азайтат.

Учурда Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана министрликке караштуу Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыт илимий-изилдөө институту тарабынан биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ Тон районундагы Т. Акматов атындагы "Жайчы" чарбасынын базасында ак топоздорду апробациялоо жана породалык топ катары таануу багытында иш алып барууда.

Мындан тышкары, Тоң районунун тургуну Баатырбек Акматов жана Нарын облусунун фермери Таштанбек Акматов 2003-жылдан бери ак топоздорду селекциялоо менен алектенип келишет. Алардын көп жылдык эмгеги жогорку натыйжа берип, 2025-жылы министрлик тарабынан өткөрүлгөн "Агродиалог–2025" форумунун алкагында Баатырбек Акматов ак топоз өстүрүү боюнча "Чемпион" деп табылган. Бул жетишкендик башка фермерлерди да аталган багытта иш алып барууга шыктандырууда.