Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Буга байланыштуу Кыргызгидромет кызматы төмөнкү жолдордо жүрүүдө сак болууну эскертти:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 198–255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 55–115-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292–305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201–205, 260–290 жана 326–349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу).
Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.