Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. 15-апрелдин экинчи жарымынан тартып 16–17-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү айрым жерлерде катуу жаан жаашы мүмкүн. Буга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.