Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом Загрузка... 30 Март 2026 12:35
657264767_1348904430615613_1182458845260973505_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. 30-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кооптуу аймактардын тизмеси:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121–138-чакырымдары (Төө-Ашуу), 198–255-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292–305-чакырымдары (Долон ашуусу);
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201–205, 260–290, 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Айдоочулар үчүн маанилүү эрежелер:

  • Унаалардын ортосундагы коопсуз аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.
  • Этият болуңуз, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
  • Дөңгөлөк чынжырларын, алгачкы жардам аптечкасын жана кошумча жылуу кийимдерди ала жүрүңүз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга жана зарылчылык болбосо кооптуу тилкелерге чыкпоого чакырат.