Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Бүгүн академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда өлкөнүн тоолуу аймактары үчүн иштелип чыккан саламаттыкты сактоо экосистемасынын инновациялык долбоорлору тааныштырылды.
Иш-чара Эл аралык тоолор күнүн утурлай уюштурулуп, ага долбоордун өнөктөштөрү болгон - Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, “Ага Хан” фондунун, “JICA” уюмунун, Кыргыз-Швейцар “НИЗ” долбоорунун өкүлдөрү жана борбордун дарыгерлери катышты.
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев катышуучуларга таанытым жасап жатып, “Бүгүн абдан маанилүү күн болуп жатат. Себеби, биз командабыз жана өнөктөштөр менен биргеликте иштеп чыккан саламаттыкты сактоо экосистемасын сиздерге тааныштырып жатабыз. Биздин өлкө 94% тоолуу өлкө болгондуктан, калктын көпчүлүк бөлүгү тоолуу аймактарда жашайт. Андыктан, алардын ден соолугуна кам көрүү, оорулардын алдын алуу максатында атайын системаны иштеп чыктык”,-деп белгиледи.
Иш-чаранын маалыматтык таанытымында белгилүү болгондой, өлкөнүн тоолуу аймактары үчүн заманбап саламаттык сактоо экосистемасын түзүүгө багытталган модель сунушталды.
Ага төмөндөгү 5 иш пакети киргизилген:
- “Таза меш” - тоолуу аймактын жашоочуларын энерго натыйжалуу мештерди колдонууга үндөө;
- “Ден соолугуңду текшер” мобилдик тиркемеси;
- “Cardio net” - жарандардын ден соолугун аралыктан текшерүү мүмкүнчүлүгү.
- “Бийик тоолуу аймактардагы жүрөк-кан тамыр кластери” - жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан жарандарга өз убагында жана ыкчам жардам көрсөтүү;
- “Бийик тоолуу изилдөө хабы” - хабды дүйнөлүк деңгээлдеги борборго айлантуу.
Бул долбоорлор Нарын шаарында жана Нарын облусунда санариптик технологияларды колдонуу менен ишке ашырылууда. Иш-чара алдыда аталган шаарда уланып, илимий-практикалык конференция жана мастер класстар менен коштолот.