Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-февраль күнү саат 10:00дөн тарта Төө-Ашуу ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль күнү саат 03:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.