Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азиядагы эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп болжолдонууда. Учурда мейманканадан тартып жол инфраструктурасын куруу иштери өз нугунда жүрүүдө. “Кабар” агенттиги мамлекеттик маанидеги ири долбоорду ишке ашыруу иштери тууралуу айтып берет.
“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Учурда күн жылып калгандыктан, эс алуу жайына алып барчу жолду куруу иштери жанданды. Анткени Жыргалаңда кыш 7 айга созулгандыктан, буга чейин жол куруу иштери баштала элек болчу.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментине караштуу №4 Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Дыйканов “Кабар” агенттигине билдиргендей, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна бара турган альтернативдик жол салынууда.

Анын айтымында, жолдун жалпы узундугу 8,5 чакырымды түзөт.
“Иштерди подряддык уюм аткарып жатат. Бүгүнкү күндө жер жумуштары аяктады. Суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери башталууда. Аба ырайы жакшы болуп калгандыктан, жол куруу иштери өз нугунда жүрүп жатат”, - деди ал.
Азиз Дыйканов белгилегендей, альтернативдик жол тоолорду аралап өтөт.
“Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырымга созулган жолду жыл аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз. Альтернативдик жолдун 1,5 чакырымы 4 тилкелүү, 7 чакырымы эки тилкелүү болуп салынат”, - деди ал.
Бул жолго удаа эле Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырымында иштер жүрүүдө.

Азиз Дыйканов маалымдагандай, жер жумуштары башталган. Суу өткөрүүчү өтмөктөрдү куруу иштери да паралелдүү түрдө жүрүп жатат.
"Жол тоолуу аймакта жайгашкандыктан, төмөнкү зоналарга жаан жааса, жогору жакка кар жаайт. Эми гана аба ырайы оңолуп, күн жылып, иштер толугу менен башталды. Жолго асфальт төшөп, ушул жылдын соңуна чейин пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз”, - деп белгиледи ал.
Долбоорго ылайык, асфальт басыла турган жолдун дээрлик 5 чакырымга жакыны 4 тилкелүү, 9,6 чакырымы 2 тилкелүү болот.
Жолду куруу иштерин каржылоо “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренесинин алкагында камсыздалган.
Жолчулар тарабынан аткарылып жаткан жол куруу иштери “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунун аймагындагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга чоң салым кошот.

Анткени, учурда Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруунун алкагында мейманканаларды куруу иштери жүрүүдө.
Андагы эс алуу жайларынын алгачкыларын ишкерлер 2027-жылы кышкы сезондо ишке киргизүүнү көздөп жатат.
“Ала-Тоо Резорт” ААКтан белгилешкендей, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу жана Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедж жана этношаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.
Ошондой эле 8–10-апрелде аукциондун экинчи этабынын алкагында 17 лот сатылган. Жалпы сатылган жер тилкелеринин баасы 377,6 млн сомду же Улуттук банктын курсу менен 4,3 млн долларды түздү.

Мындан тышкары, “Ала-Тоо Резорттон” “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан эки асма жолдун техникалык ачылышы 20-майга мерчемделип жатат.
“Жыргалаң” курортун куруунун 1-фазасы боюнча, жалпысынан 6 асма жол курулат. Учурда В1 жана В2 асма жолдорунун курулуш иштери аяктап калды", - дешти ишканадан.
Ага улай, бүгүнкү күндө асма жолдордун иши сыноодон өткөрүлүүдө.
Асма жолду дүйнө жүзүндө биринчи орунда турган австриялык Doppelmayr компаниясы куруп жатат. Келишимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айында 4 чакырымдык асма жолду бүтүрүп беришет. Февраль айында аталган компания менен дагы бир келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 4 чакырымга созулган асма жолду декабрь айына чейин бүткөрүшөт.

Президенттин көзөмөлүндө ишке ашырылып жаткан мамлекеттик маанидеги “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында “Жыргалаң” шаарчасындагы эс алуу жайлары эмки кышкы сезонго даярдалып жатса, ага чейин жол салуу, асма аркан жолдорду ишке киргизүү, ошол эле маалда тоо-лыжа борборунда тейлөөчү жана атайын техникаларды башкаруучу кызматкерлерди окуудан өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат.
Бул долбоор тоо-лыжа курортун кышы-жайы дебей иштетүүгө, өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатууга багытталууда.