Токтогулда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат

Коом 23 октябрь 2025 13:50
550145079_1924076481792940_4257149555052530756_n.jpg
570464079_1924082228459032_524296918433651848_n.jpg
567505338_1924076391792949_219989999347886193_n.jpg
568183271_1924082308459024_6593835309920263136_n.jpg
569209018_1924082288459026_5808580644445495455_n.jpg
571043451_1924076278459627_7295076455728936728_n.jpg
571184165_1924076591792929_6489618912456942796_n.jpg
571348256_1924082221792366_6765164527536600040_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө райондук оорукананын жана балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушунун абалы менен жеринде таанып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Азыркы учурда Токтогул райондук ооруканасы үч негизги корпустан турат — жугуштуу оорулар, балдар жана терапия бөлүмдөрү бир имаратта жайгашкан. Бул абал эпидемиологиялык жактан кооптуу болуп, санитардык талаптарга жооп бербей келет.

Жаңы курулуп жаткан имарат үч кабаттуу болуп, 100 керебетке ылайыкташтырылат жана заманбап медициналык кызмат көрсөтүү талаптарына жооп берет.

Ошондой эле оорукананын аймагында балдар үчүн өзүнчө реабилитациялык борбордун курулушу да башталган. Ага катар Токтогул шаарында 750 орундуу мектептин курулушун баштоо даярдыктары жүрүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев курулуш иштерин жеринде көзөмөлдөп, сапат маселесин биринчи орунга коюу зарылдыгын белгиледи.

Башталган курулуштарды 2026-жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалууда.

Эске салсак, буга чейин министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев райондогу саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин имаратын жаңылоо боюнча жергиликтүү бийлик жетекчилерине тапшырмаларды берген.