Токтогулдун Торкен айылында даяр тамак-аш өндүргөн чакан цех ачылды

Коом 23 Июнь 2026 16:05
731079532_3925992281030621_3721080154139037702_n.jpg
731079532_3925992281030621_3721080154139037702_n.jpg
728213160_2974947612696711_9059877430880209554_n.jpg
728457366_4429052937368232_3528455937510432319_n.jpg
729838916_991275347080234_7530443557048496169_n.jpg
730558884_1898088437553327_9018955877488254912_n.jpg
730732259_1672007047340354_101125657908710081_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Токтогул районунун Торкен айылында жарым фабрикат өндүрүүчү чакан ишкана ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган цехти жеке ишкер Тилек Коңурбаев түптөдү.

"Жаңы ачылган ишкана "Сиз үчүн" аталышындагы соода маркасы алдында өз продукцияларын чыгарып, жергиликтүү калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылууну максат кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда цехте 10 кыз-келин туруктуу жумуш орду менен камсыз болуп, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын чыңдоого салым кошулууда.

Мындан тышкары, ишкананын келечектеги пландарында өндүрүш көлөмүн кеңейтүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана продукция менен бүтүндөй районду камсыз кылуу максаты коюлган.