Токтогул суу сактагычынан 700 метр синтетикалык тор чыгарылды

Экология 9 сентябрь 2026 13:00
Токтогул суу сактагычынан 700 метр синтетикалык тор чыгарылды
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Токтогул суу сактагычында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган болжол менен 700 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Ал эми мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар аныкталган жок.

Белгиленгендей, рейд суу жана биологиялык ресурстарды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерлик фактыларын аныктоо жана алардын алдын алууга багытталган.