Бишкекте веложолдорду бөлүү башталды: Токтогул көчөсүнө бөлгүчтөр коюлууда

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 11:25
1782103854_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Токтогул көчөсүндө веложол үчүн жаңы бөлгүчтөр коюлууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, биринчи сыноо тилкеси — Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен тартып Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү болот. Бул аймакта бөлгүчтөрдү орнотуунун натыйжалуулугу, алардын жол кыймылынын коопсуздугуна жана бардык жол катышуучуларына тийгизген таасири бааланат.

"Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин жашоочулардын жана веложол колдонуучулардын пикирлерин эске алуу менен жыйынтыктар талданат. Алынган маалыматтардын негизинде долбоорду мындан ары кеңейтүү жана шаардын башка аймактарына бөлгүчтөрдү орнотуу боюнча чечим кабыл алынат,-деп айтылат маалыматта.

Экинчи этапта Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш жүргүзүү пландалууда.

Сыноо учурунда эң ыңгайлуу жана коопсуз чечимди табуу үчүн бөлгүчтөрдүн формасын, өлчөмүн же конструкциясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү да каралат.