Токтогул ГЭСин модернизациялоо: Долбоор эл аралык деңгээлде бааланды

Коом
Токтогул ГЭСин модернизациялоо: Долбоор эл аралык деңгээлде бааланды
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Токтогул ГЭСин масштабдуу модернизациялоо долбоору эл аралык POWER Magazine тармактык басылмасы уюштурган POWER Top Plant сыйлыгынын финалисттеринин катарына кирди.

Басылманын маалыматына ылайык, өлкөдөгү электр энергиясынын болжол менен 40 пайызын өндүргөн станцияны реконструкциялоо жана жаңылоо иштеринин натыйжасында анын кубаттуулугу 1 миң 200 МВттан 1 миң 440 МВтка чейин көбөйгөн. Мында иштер гидроэлектрстанцияны толук токтотпостон, этап-этабы менен жүргүзүлгөн.

Долбоор Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун жана Азия өнүктүрүү банкынын катышуусунда каржыланган.

1975-жылы пайдаланууга берилген Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты модернизация башталганга чейин дээрлик жарым кылым бою толук реконструкциядан өткөн эмес. GE Vernova компаниясы жүргүзгөн иштердин натыйжасында станциянын кубаттуулугу 240 МВтка көбөйгөн.

Подрядчынын баамында, реконструкциядан кийин ГЭС дагы кеминде 30 жыл иштей алат. Адистер станцияны толук токтотпостон модернизациялоо тажрыйбасын уникалдуу деп баалашууда. Бул ыкма капиталдык оңдоо үчүн ишин токтотууга мүмкүн болбогон башка ГЭСтерди техникалык жактан жаңылоодо, алардын ишенимдүүлүгүн жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда да колдонулушу мүмкүн.