Үч-Коргон ГЭСинде модернизациялоо иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Коом 30 сентябрь 2026 17:40
828499272_1621597739658411_5392794680375263037_n.jpg
829319758_1052563967612516_8080583269532921190_n.jpg
829520061_1690114822758594_4453533670573246517_n.jpg
830702658_2099321917377490_3959940458507148294_n.jpg
831545368_1122117323825497_2505764821033569120_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын жабдууларын жаңылоо жана кубаттуулугун жогорулатуу иштери уланууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толугу менен аяктап, №1 гидроагрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо иштери жүрүп жатат. Модернизацияны 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бардык иштер аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт.

Реконструкция 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, алардын жалпы кубаттуулугу 27 МВтка көбөйгөн.

Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарыясында жайгашкан жана 1961-1962-жылдары ишке берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станциядагы азыркы реконструкция негизги жабдууларды жаңылоого багытталган ири модернизация болуп саналат.