Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Лебединовка ГЭСинде реконструкциялоо иштери жүрүп, эски жабдууларды демонтаждоо уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Иштердин алкагында гидроагрегаттар, трансформаторлор жана башка электр жабдуулары алынган. Алардын айрымдарын "Чакан ГЭС" ААКтын башка станцияларында кайра пайдалануу пландалууда.
"Реконструкция Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун натыйжасында станциянын орнотулган кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка чейин жогорулайт",-деп айтылат маалыматта.