Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады.
"Чакан ГЭС" ААКтан билдиришкендей, курулуш иштерин башкы подрядчы – China National Heavy Machinery Corporation компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу станцияда негизги реконструкция иштерин баштоого даярдыктын алгачкы этабы болуп саналат.
"Долбоордун алкагында ГЭСтин негизги жабдуулары толугу менен жаңыланат. Натыйжада станциянын кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка, ал эми жылдык электр энергиясын өндүрүү 37,2 млн кВт/сааттан 53,5 млн кВт/саатка чейин көбөйөт", – деп айтылат маалыматта.
Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо Энергетика министрлигинин гидроэлектр станцияларын модернизациялоо программасынын алкагында ишке ашырылууда. Станция 1943-жылы пайдаланууга берилген.