Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кемин суусуна каскаддык негизде үч чакан гидроэлектр станциясын куруу пландалып, долбоорду келечекте төрт-беш станцияга чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фондунун” директору Эмилбек Орозбаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор боюнча япониялык компания менен кызматташтык жүргүзүлүүдө.
“Япониялык компания Кемин районундагы 19 гектар жер тилкесинде иш алып барууну пландоодо. Долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлган.
Кеминде суудан каскаддык негизде электр энергиясын алуу каралган. Учурда үч чакан ГЭС куруу пландалууда. Эгер суунун агымы тиешелүү деңгээлде болсо, алардын санын төрт-бешке чейин көбөйтүүгө даярдык көрүлүүдө”, — деди ал.
Фонддун директору белгилегендей, учурда өлкө боюнча 80ге жакын чакан ГЭСтин үстүнөн иштер жүрүүдө.
“Биз чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап жатабыз. Алар күнү-түнү иштеп, суунун агымына жараша электр энергиясын өндүрөт. Ал эми күн жана шамал станцияларынын өндүрүшү аба ырайына жана табигый шарттарга көз каранды. Мисалы, күн станциялары түнкүсүн электр энергиясын өндүрбөйт”, — деди ал.
Ошондой эле фонддун директору чакан ГЭСтерди курууда суу ресурстарын жана экологиялык талаптарды сактоого көңүл буруларын кошумчалады. Анын айтымында, ГЭСке кирген суу агымы кайра чыгарылып, анын табигый тазалыгы сакталууга тийиш.