Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында кубаттуулугу 30 МВт болгон Папан ГЭСинин курулушу уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор "Гидроэнергетика курулушу боюнча Кыргыз-Кытай биргелешкен коому" ЖЧК тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылууда.
"Учурда деривациялык туннель, ГЭСтин имараты, суу кабыл алуучу түйүн жана электр берүү чубалгысы курулууда. Узундугу 1,5 чакырым болгон тоннелдин 300 метрдей бөлүгү казылды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, станциянын имараты үчүн котлован казылып, суу кабыл алуучу жапкычтын шахтасы курулуп, 110 кВ аба электр чубалгысынын таянычтарын орнотуу иштери да аткарылууда.