Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК Балыкчы шаарында жана Балыкчы–Нарын унаа жолунун боюнда электромобилдер үчүн үч кубаттоочу станция орнотту.
Компаниядан билдиришкендей, учурда аларды ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө.
Маалыматка ылайык, станцияларды орнотуу үчүн жумушчу долбоор иштелип чыгып, шаар куруу корутундусу алынган жана жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылына үч, Чолпон айылына эки кубаттоочу станция орнотуу пландалууда.
Белгилей кетсек, 2026-жылы "Чакан ГЭС" Ысык-Көл облусунда жалпысынан 14 кубаттоочу станцияны ишке киргизген. Ал эми 2025-жылы Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда төрт жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрт станция орнотулган.
Долбоор электромобилдер үчүн кубаттоочу инфраструктураны кеңейтүүгө жана экологиялык таза транспорттун жайылышына шарт түзүүгө багытталган.