Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы жергиликтүү бюджеттин өсүшүн жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын белгилеп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
“2021-жылы Токтогул районунун бюджетинин көлөмү 115 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 167 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, район бюджети болжол менен 1,4 эсеге көбөйгөн.
“Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 2026-жылдын 9 айында Токтогул районуна капиталдык курулуш тармагындагы 6 объектиге жалпысынан 67 млн сом каралып, 2026-жылдын 1-октябрына карата 60 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген”, - деди Садыр Жапаров.
Президент жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине да токтолду. Акыркы беш жылда райондо 39 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Быйыл жолдорго асфальт төшөө иштери, ошондой эле узундугу 55 чакырымды түзгөн Токтогул — Беш-Таш автожолун реконструкциялоо улантылууда. Аталган жолду толук бүтүрүп, келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Президент энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн энергетикалык келечеги үчүн Токтогул районунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.
“Райондо кылым долбоору – “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору ишке ашырылууда. Өзүңүздөр билгендей, анын курулушу өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ. Ошондой эле аймакта жалпы кубаттуулугу 14,4 мегаватт болгон ”Кайнама”, ”Кайнама-2” чакан ГЭСтери ишке киргизилди”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, президент калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерине токтолду. Учурда райондогу 49 айылдын 12синде таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк бар. Республикалык бюджеттен каржыланган долбоорлордун жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосунун алкагында дагы 22 айылды суу менен камсыз кылуу пландалууда. Калган калктуу конуштар үчүн тиешелүү министрлик тарабынан долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.