Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Өлкө боюнча талапка жооп бербеген 48 мал базар жабылат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Эркайым Сейтказиева Ысык-Ата районунун тургундарынын райондо мал базар ачуу өтүнүчүн ортого салды.
Анын айтымында, эң жакын жайгашкан базар Кемин районунда.
Өз кезегинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев мал базарды уюштуруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектениши керектигин белгиледи.
"Айыл чарба министрлиги көзөмөл гана жүргүзө алат. Токмоктун мал базарына санитардык нормаларды иретке келтирүү үчүн бир жыл убакыт берилген, бирок эч нерсе жасалган эмес. Ошондуктан жабылды. Республика боюнча санитардык талаптарга жооп бербеген 48 мал базар жабылат", - деп билдирди ал.