Токмок шаарында салмагы 5,2 кг болгон кыз төрөлдү

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 16:16
mttbrniykmo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Токмок шаардык Жалпы дарыгерлик практика борборунда 3-январда салмагы 5 килограммдан ашкан ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Медициналык мекеменин маалыматына караганда, 44 жаштагы эне экинчи баласын кесарево жолу менен төрөгөн.

"Салмагы 5 кг 200 грамм, бою 54 сантиметр болгон кыз төрөлдү. Учурда эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Зарыл болгон медициналык кароодон өткөндөн кийин, алар үйүнө чыгарылды", - деп белгиленет маалыматта.